"Мектепти курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген жүйө менен "Авангард строй" компаниясынын жетекчиси кармалды

"Мектепти курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген жүйө менен "Авангард строй" компаниясынын жана Нарын облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Маалыматты SUPER.KG`ге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы башталган орто мектептин курулуш иштеринин жүрүшүндө мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

"2014-жылдын 17-сентябрында Нарын облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы 275 орундуу мектептин курулушу боюнча "Авангард строй" компаниясы менен келишим түзгөн. Долбоорго бюджеттен 64 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери 2016-жылдын ноябрь айында жыйынтыкталышы керек эле. Бирок мектеп бүгүнкү күнгө чейин ишке бериле электигине байланыштуу мамлекетке 8 миллион 143 миң сом чыгым келтирилгени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, сот тарабынан кармалган жарандардын баш коргоо чарасы каралып, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы үй камагына чыгарылса, курулуш компаниясынын жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан