10-11-август күндөрү Ысык-Көлдүн түштүгүндө “Ысык-Көл Гран-При-2013” аттуу велотур жана веложарыш өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Бишкектен Балыкчыга чейин созула турган жолдун узундугу 97 чакырымды түзөт, анын 63 чакырымы жарышуу үчүн. Бул иш-чара милиция кызматкерлеринин коштоосунда өтүп, каалоочулар чарчаганда коштоочу унаа менен жолун уласа болот. Иш-чаранын максаты - жашоонун сергек мүнөзүн чагылдыруу жана жарандарды велоспортко тартуу.