Өзгөндө өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кызды башка үй-бүлө убактылуу багып алды

Өзгөндө атасы тарабынан зордукталып, көз жарган 15 жаштагы кызды башка үй-бүлө убактылуу асыроого алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Ак жүрөк" кризистик борборунун директору Дарика Асилбекова билдирди.

Анын айтымында, 17-май күнү Өзгөн райондук социалдык бөлүмү кызды башка үй-бүлөгө берген.

"Учурда кыз ал үй-бүлөдө жашай баштады. Социалдык кызматкерлер тынымсыз кыздан кабар алып турушат. Эгер ал жакка көнүп, окуусун улантып же башка бир кесиптик окуу жайда окуй баштаса, кызды ал үй-бүлөгө өткөрүп берүү маселеси каралат", - деди Асилбекова.

Ал эми директор кызды Өзгөн районунун кайсы айылынын тургуну багып алганын айткан жок. Ошондой эле кызды багып алган үй-бүлө тууралуу кенен маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын башында 15 жашар кыз Өзгөндө өз атасы тарабынан зордукталганы кыздын боюна бүтүп калгандан кийин белгилүү болгон. Зордуктоого шектелген атасы 20-январда камакка алынып, кызы социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.
Ал эми Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова 15 жаштагы кыз 5-апрелде көз жарганын белгилеп, туугандары кызды алып кетүүдөн баш тартканын билдирген. Ал эми 30-апрелде кыздын атасы зордуктоого айыпталып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
warcaw
2019-05-22 15:02:39
Атасын ХХХХ керек эле,мындай ХХХХ мамлекет акча коротуп багып эмне кылат!
+1
Avrora2017
2019-05-22 17:58:34
Лучще асынып олуп албайбы айбан, эмне деген айбанчылык бул оз кызын тороткон
+1
ekaterinburg
2019-05-22 20:58:04
Астагфиралла!!!
+2
Aman-moskva
2019-05-22 22:06:48
Мындай адам дарды кочого эл чогултуп алып койун керек ошон до токтойт
+1
Sprite
2019-05-23 01:13:30
ушундай нерселерди кайра кайра чыгара бербегилечи,журокту оорутуп,чыгарсанарда,отуп кеткен окуяны эн акырында кайталабагылачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан