Ырчы Алсу кызынын айланасындагы ызы-чуу боюнча үн катты

35 жаштагы орусиялык ырчы, телеалпаруучу Алсу (Абрамова) 10 жаштагы кызы Микелланын "Голос.Дети" телевизиондук шоусунун 6-сезонундагы жеңишинен кийин болгон ызы-чуулар боюнча үн катты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Изилдөөлөргө ылайык, добуш берүүдө Микелла үчүн массалык түрдө жасалма добуш берүү жолу колдонулганы жазылган.

Алсу радиолордун бирине түз эфирде интервью берип жатып "Микелла шоунун башка катышуучуларындай эле кандайдыр бир оюндарга аралашып калыптыр. Баары жакшы аякташы керек" деген оюн айткан.

Биринчи канал аталган шоунун алтынчы сезонунун жыйынтыгын жокко чыгарып, 24-майда финалга өткөн катышуучулар менен атайын чыгарылыш даярдоо чечимин кабыл алган.

Журналисттин "атайын чыгарылышка кызыңыз катышабы?" деген суроосуна Алсу "кызым өзү чечет, шоуго катышууну да Микелла өзү каалаган" деп жооп берди.

Алсу аталган ызы-чуу боюнча кененирээк 1-Июнь Балдарды коргоо күнүндө комментарий берерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-05-23 12:16:43
Ун катса катпаса да уже ясно кызы кантип женгени,жаштардын конкурсуна да коррупция менен фальшивый добуштарды аралаштырганы жакшы болбой калды.
+1
JanJurok
2019-05-23 21:34:59
Акылы кыска экен кимиси ойлоп тапса да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан