Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жеңил унаа каналга түшүп кетти. Айдоочуну "Тез жардам" кызматы алып кетти

Ош шаарынын Увам каналына жеңил унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү саат 21:25те Озгур айылындагы Увам каналына Тико үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, унаадагы айдоочуну суудан чыгарышкан.

Айдоочу - 51 жаштагы А.Р. аттуу жаран. Ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан