Анжелина Жоли менен Брэд Питт жарашты

Анжелина Жоли менен Брэд Питт ажырашуудан кийин кайрадан жарашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, түгөйлөр ортодогу таарынычтарды, пикир келишпестиктерди унутуп, 6 баланы тарбиялоо керек экендигин түшүнүшкөн.

"Алар экөө тең алдыга умтулууну түшүндү. Баары артта калды, эми 6 баланы кантип тарбиялоону ойлоно башташты", - деп айтылат маалыматта.

Жоли менен Питт 2016-жылы эки башка жолго түшүшкөн. Ал жолдошунун бала тарбиялоодогу методдорун жактырган эмес. Актриса ажырашуу демилгесин өзү көтөрүп, сотто 6 баласын өзү менен калуусун сураган.

Апрель айында Анжелина Жоли 116 миллион доллар байлыгын 17 жаштагы улуу баласы Мэддокско калтырат деген маалымат пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-23 19:44:02
Жакшы болуптур
+10
portugalia
2019-05-23 22:06:43
Жакшы жаңылык экен.
+2
Boha1
2019-05-23 23:52:51
Ушул экөөнөн үлгү алыш керек биздин эки жолдо жүргөн жубайлар, балдарды эки жакта жүргүзбөй
+4
rysik79
2019-05-24 00:10:08
Жылаандын уйу бузулбасын.
+3
ekonomist.
2019-05-24 08:44:18
Жакшы жанылык
+2
ekaterinburg
2019-05-24 09:21:50
Болсун,болсун...Эми"кысып"жашагыла!
-1
admin_portal
2019-05-24 11:30:17
almanbetperm, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертилгенине карабай бул сөздү бир нече жолу кайталап жазганы үчүн БАН!
0
Dembele84
2019-05-24 13:19:09
Бири биринен тажап,башка жактагылар интересно болуп,алар менен журуп да корушту.Ат айланып казыгын табат болуп,кайра табышыптыр молодцы!
0
bekhaliev
2019-05-24 14:20:28
Орозо айында жарашыптыр жакшы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан