Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген адам Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.
Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкектен, Абыкулов менен Насруллаев Орусиядан кармалган.