Ноокатта мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылды

Кечээ, 24-майда Ноокат районунун Ынтымак айылында мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 18:30 чамасында болгон. "Ноокат районунун Ак-Чал айылынын 2002-жылы туулган Т.У. аттуу тургуну атасына таандык унааны айдап чыгып, айылдан Кызыл-Кыя шаарын көздөй бара жатып , автоунааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Алар унаа менен турак үйдүн короосуна кирип кетип сарайды сүзүп токтогон. Натыйжада айдоочу Т.У., жүргүнчүлөр ошол айылдын тургундары 2002-жылы туулган А кызы А., жана С.С. денелеринен жеңил жараат алышкан. Ал эми 2001-жылы туулган А.Бнын буту сынып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына кайрылышкан. Алардын алган дене жарааты боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми унаа Ноокат РИИБдин убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулду. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Defend.
2019-05-25 13:20:03
"Жаштыкта ойноп алсын" деген ата энелер, комментарийчилерге жооп болуптур.
+11
Agayu
2019-05-25 15:28:57
Карапайым калк дагы бийликтегилер дагы эч нерсени тоготпогон инсан экенбиз .Баш мамлекеттер мыйзам чыгарат дароо ишке ашат эли да көнөт , бийликтегилерда ошого жараша иш кылат .Бизде ӨЛБӨ ЖАНЫМ ӨЛБӨ деген жашоого көнүп алганбыз
+13
boris8907
2019-05-25 19:13:40
Эч нерсе эмес атасы дагы 2 3 жыл россиялап иштеп келсе кайра машина алып алат.
+4
Take_men
2019-05-25 21:05:10
Мына башталдыбы дагы
+2
Shokoladka94
2019-05-25 21:38:18
Жаш бала кутуруп машина айдабай эле койсун да, дагы жакшы бардыгы аман калыптыр
+6
aidinaernur
2019-05-26 11:49:18
Ынтымак айылы эмес Ак чал айылы окшойт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан