Бүгүн, 25-майда Панфилов районунда жайгашкан өспүрүмдөр отурган абакта акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1 бала 11-классты бүтүрсө, 3 окуучу 9-классты аяктады. 1 окуучу соттун чечими менен шарттуу түрдө бошотулду. Иш-чаранын алкагында балдар концерттик программаларды тартуулашты. Мугалимдер балдарды окуу жылынын бүтүшү менен куттукташты. №14 колония өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз абак.