Сириядагы согушка катышкан 2 Кыргыз жараны Баткендеги чек арадан кармалды

25-майда Баткен районунан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө аракет кылган эл аралык террордук уюмдардын 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар буга чейин Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келишкен.

"29 жаштагы Р.Б. 2015-жылы террордук уюмдар аркылуу Сирияга жөнөтүлүп, 2017-жылы Интерпол тарабынан издөө салынган. 27 жаштагы Р.У. Сириянын өкмөтүнө каршы куралдуу кагылышууларга катышкан. Экөө тең эл аралык террордук уюмдардын лагерлеринде атайын согуштук даярдыктан өтүшкөн.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
senchi
2019-05-27 12:45:07
Кыргыз эмес булар, кыргыздын улутун булгагандар.
+13
Omush94
2019-05-27 15:07:25
senchi,100000000% кошулам
+4
taalay25
2019-05-28 11:44:37
senchi,кызыл кыялык озбектер
+1
suban78
2019-05-27 14:15:42
Алла Тааланын аты менен алдагандан коркпойт бекен терр.к уюмдаргылар. Эртенки кунун ойлошпойбу дейм да ушул адамдар.
+2
basyz-kaman
2019-05-27 14:31:41
Булар го кармалыптыр ал эми кармалбай чек арадан өткөндөрү дагы көп болушу мүмкүн.
+4
admin_portal
2019-05-27 14:42:27
Pandora, Shaa-82, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
admin_portal
2019-05-27 14:43:46
Kairat1996, темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга, башкалардын динин кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
JaneEr
2019-05-27 14:56:42
Ошто Кара-Сууда да бар.Текшерген эч ким жок .
+4
filis
2019-05-27 17:30:45
Диний азгырыктардын айынан ушул болуп жатат. Динге аша чаап берилбеш керек.
+2
pat12
2019-05-27 19:17:00
Радикальный исламды кыргыз элине жолотпош керек.
+1
Bodibilding
2019-05-27 20:25:15
Ушулардын террорист екенин билет екесинер камап мамлекеттин есебин кайра баккандан коро на место атып салбайсынарбы камап кайра коюп жибербесенер болду.
+2
Sayragul
2019-05-28 10:24:04
Мындай адамдар багыты ошол жак болуп, атайы даярдыктан отушсо качандыр бир уйронгонун ишке ашыруу керек деген ой менен жашашса керек. Бизде гумандуулук дейбиз, бирок, булардын санын азайтып эле койгон ондой.Ушуга окшогон фанаттар коп болсо керек.
+1
Sajakat14
2019-05-28 12:31:52
Кебеиелерине караганда өзбектер окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан