Бишкек шаарында Мерседес-Бенц унаасы 13 жаштагы велосипед тээп бара жаткан кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 27-майда саат 13:25 чамасында Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"45 жаштагы айдоочу К.Т. Мерседес-Бенц унаасын Профсоюз көчөсү менен батышка карай айдап бара жатып 13 жаштагы окуучуну сүзүп кетти. Ал эми жабыркаган кыз Кайназарова көчөсү менен келе жаткан. Кызды ошол замат "Тез жардам" кызматы алып кетти. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.