Эртең, 28-майда президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Буга чейин Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоо боюнча кылмыш ишин иликтөө соңуна чыкканын билдирген.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 миллион сом, ат майданды оӊдоодо 145,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:
Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан. "Курулушту ишке ашырган уюмдар же тендер өткөрүүдө айрым мекемелер тарабынан жасалган кандайдыр бир бузуулардын болгонун жокко чыгарбай туруп айтканда, булар өлкөгө керектүү чечимдер болгон. Мен дайыма өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ак иштегем", - деген Исаков.