Мечиттен 12 килем жоголду. Милиция шектүү катары мурда алдамчылык, уурулук менен соттолгон 20 жаштагы жаранды кармады

Сокулук районунун милиция кызматкерлери уурулукка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Апрель айынын аяк ченинде Сокулук РИИБине Шалта айылынын жашоочусу мечиттен 12 килем жана башка курулуш материалдары уурдалганын кабарлап, кылмышкерди таап, чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул кылмыш ишин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, Б.А. аттуу 20 жаштагы жаран кармалды. Анын буга чейин да уурулук, мал уурулук жана алдамчылык фактысы боюнча соттолгондугу аныкталган. Сотко чейинки териштирүү иштеринде милиция кызматкерлери Б.А.нын ушул жылдын 7-майында Кызыл-Туу айыл аймагында катталган мал уурулукка да тиешеси бар экенин билишкен.

"Кылмышкер уурдалган малды интернет айдыңында жарнама кылып сатууга аракеттенгенин мал ээлери байкап калышкан" деп билдирди Чүй ОИИББинин маалымат кызматы. Кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Koichuman
2019-05-28 10:50:48
Уурулардын колун кесиш керек таанымал болушат.
+2
filis
2019-05-28 12:51:07
Ишенген кудайын ууруларды токтото албайт. Аллах сактайт деп дуба окуй бербей адам биринчи озу сак болуш керек.
-9
KAYRATBEK
2019-05-28 14:43:52
filis, Ууруну токтотпойт аны заматта уят кылат. Жана сени менен менин жанымы заматта алат. Эч шек кумонсуз. Эч кыжаалат болбой бир тамчы суудан айбан эмес адам кылып жараткандан тообо кылып кечирим сура. Чын дилинен кечирим сурап кайра андай ХХХХХ создорду айтпасан Аллах кечирет. Себеби Аллах мээримдуу жана кечиримдуу.
+4
Bekish-
2019-05-28 14:21:34
20 жашта жап жаш жигит
0
Samatalibei
2019-05-29 13:10:16
filis, Аллага каршы суйлобойлу Чон зыяны тийет. Бир тууганым бул жашоо кыска азыр канча жаштасын дагы ошончо жашо бат эле отуп кетет ойлонолу. А Бул шайтанга азгырылган Алланын каарына калган пенде,мечиттен уурдаптыр ушул дуйнодо эле жазаланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан