Чемпиондор Лигасынын гимнин кыргыздын улуттук аспаптары аркылуу жаңырткан "Мурас" ансамбли

"Мурас" фольклордук ансамблинин солисттери УЕФАнын гимнин кыргыздын улуттук аспаптарынын коштоосунда жаңыртышты. Ансамблдин солисти Айсаана Оморова бул кабары менен бөлүшүп, SUPER.KG`ге буларды айтып берди.

"Футбол сүйүүчүлөрүнө 1-июнда өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалына карата белек кылалы деп гимнди аткарып чыктык. Музыканы жаздырууда эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Бир күндүн ичинде даярдап бүтүрдүк. Биздин максатыбыз - кыргыздын аспаптарын дүйнөлүк музыка аркылуу таанытуу. Ошондой эле бул музыка менен кыргыздын жаш спортчуларын шыктандырып, дем-күч бергибиз келди. Биздин дагы келечек муун ушундай чоң турнирлерде оюн көрсөтүшүнө тилектешпиз", - дейт ал.

Комузчу Айсаана Оморова Чемпиондор Лигасынын гимнин аткарууда комуз, кыл кыяк, сыбызгы, чоор, добулбас жана виолончель (бас кыяк) аспаптары колдонулганын кошумчалады.

Чемпиондор Лигасынын гимни Кыргыздын аспаптары менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
demo009
2019-05-28 18:04:21
Срочна мр3син чыгаргыла
0
Taku.14.02
2019-05-28 21:30:14
жакшы окшошпой калыртыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан