"Акнет" компаниясынын президенти убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратуранын токтому менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнөн “Акнет” ЖЧКсынын кызмат адамдарына карата козголгон 5 кылмыш иши кыскартылган.

Кылмыш ишинин жүрүшүндө 2017-жылдын ичинде "Акнет" компаниясына абоненттик төлөм катары 1 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. Бирок компания таза киреше катары 195 миллион сом акчаны гана көрсөтүп, калганын чыгашаларга кетирген. 2018-жылдын жыйынтыгы менен "Акнет" абоненттик төлөмдөн 1,2 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн. Бирок компания текшерүүгө алынып, анда иштеген кызматкерлер чыгашаларды негизсиз көбөйтүп, ошондой эле салыкка 150 миллион сом карызы бар экендиги аныкталган.

"Акнет" компаниясы менен иштешкен жасалма 11 фирма аныкталды. 2016-жылдын июнь айынан баштап 2018-жылга чейин "Акнет" жасалма фирмалардын бири "Строй сеть" компаниясына кызмат көрсөткөнү үчүн 101 миллион 99 миң 401 сом акча бөлүнгөнү айтылып, бирок документ менен тастыктай алган эмес. Ошол эле жылы компаниянын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, "Акнет" 14 миллион сомдук акча каражатын мыйзамсыз эсептен чыгарганы тастыкталган. Бүгүн, 28-май күнү Жазык кодексинин 205-беренеси "ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу" менен "Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов, "Строй сеть" компаниясынын башкы директору Б.Е. жана компаниянын башкы бухгалтери Л.И. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2019-05-28 18:58:03
Мынаа сага катардагы бир фирманы текшергенде млрдаган акчаларды жок кылып жиберишкен охоо биз чындап эле корупцияга батып калган экенбиз да ээ
+2
turaliev
2019-05-29 00:20:39
Krai,ээми билдинби?
+1
Muslim1990
2019-05-29 10:40:46
Акнет мамлекетке караштуубу же жеке компаниябы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан