Бишкекте окуучулар мушташып, 9-класстын окуучусу каза болду

Бишкекте мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, 1 окуучу каза болду. Бул тууралуу кабарды Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тастыктап, маалымат таратты.

Маалыматта белгилүү болгондой, окуя 28-майга караган түнү борбор калаада орун алган.

"Түн ичинде №3 шаардык балдар ооруканасына "Тез жардам" кызматы денесинен ар кандай жаракаттарды алган окуучу баланы алып барган. Милиция кызматына дарыгерлер чалып кабарлашкан. Жерине ыкчам топ барып, иликтөө жүргүздү.

Алгачкы маалыматтарга караганда, шаардагы мектептердин биринин жанында 27-май күнү окуучулар арасында жаңжал чыккан. Окуянын негизинде "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен сотко чейинки иликтөө башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, мушташтын башка катышуучулары изделип жатат. Окуучу ооруканада таңга маал каза болгон. Ал №48 мектептин 9-классынын окуучусу, 16 жашта болгон", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бишкекте окуучулар мушташып, бири каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
salimbek87.kg
2019-05-29 11:35:48
Кудай сакта ар бир Жанга ыйман бере кор
+6
Kulatov
2019-05-29 11:36:52
Бул жерде да мугалим күнөөлүү болуп чыгат
+4
HanTegin
2019-05-29 15:53:43
Kulatov,туура айтасынар. Кайра эле мугалим кунолуу. 25-май куну мен да кунолуу болуп чыга 4елдим. Баласын жиберген ата энелер, укпаган балдардын айынан
+3
katerina.li
2019-05-29 12:50:49
Олтуруп койсо деле "денесине оор залал келтируу"боло береби. ?? "Адам олтуруу" беренеси кылса болбойбу??
+6
taalay25
2019-05-29 17:27:35
katerina.li,олгонго чейин иш козголгон эми берени алмаштырат
-3
Samatalibei
2019-05-29 12:59:39
Алла жайын жаннаттан кылсын! Ата энелер балдарга козомол жок болуп жатат азыр кимдин баласы кызы кайда журот точнасын билбейт!
+5
elchi84
2019-05-29 13:06:12
Жаштарды каттуу кармаш керек.
+5
Perfekt
2019-05-29 14:33:58
Кудай сакта. Жаман болуптур.
+4
nuri1
2019-05-29 19:26:29
Тенирим сактай кор.
-6
Attila88
2019-05-30 05:15:45
nuri1,тенирчилер эсинерге келсенер боло.катуу тмйсе кечирго.бирок боорум ооруйт силерге.
0
dirol
2019-05-29 21:30:53
Адамдар мынча таш боор мыкачы болуп баратышат,олгончо сабап.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан