Ырчылар Алтынай Нарбаева, Кенже Дүйшеева, Кутман Жолдошев, Эрнист Бөрүбаев баш болгон чыгармачыл топ Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүнө барып, концерт берип, карыларга ооз ачырып келишти.
Ырчы айым Кенже Дүйшеева Орозо айында карылардын көңүлүн көтөргөнүнө кубанганын айтып, буларга токтолду: "Өзгөн өнөрпоздору" деген тобубуз бар. Ошол жактан бир бөлүгүбүз балдар үйүнө, экинчи топ Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүнө бардык. Ал жакта 320 адам жашап, арасында төшөктө жаткан ата-апалар да бар экен. Көрүп жүрөгүбүз ооруду. Алар да бир кезде бала-чакасынын курчоосунда карылык кечирсек деп ойлошсо керек.
Бир сааттык концертибизде карылар көздөрүнө жаш алып ыйлап жатышты. Муну мен кусалык, сагынычтын көз жашы деп ойлойм. Ата-апаларга азык-түлүк, кийизден 100 чакты калпак белек кылдык", - деди ырчы.