Бишкекте көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Маалыматты SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, тилсиз жоо Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен чыккан.
"Көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрт тууралуу маалымат 21:33тө келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоону өчүрүү үчүн 1 өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз катчы.