Эстрада ырчылары Ирлан Таалайбеков менен Нурмат Садыров жогорку окуу жайды аяктап, дипломго ээ болушту. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин коомдук-маданий ишмердүүлүк менеджери факультетинде билим алганын Ирлан Таалайбеков билдирди.
"Буга чейин Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде информатика, физика бөлүмүндө окуп, дипломго ээ болгом. Кийин искусство университетинин коомдук-маданий ишмердүүлүк менеджери факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. Кечээ, 29-майда дипломдук ишибизди жактап, "4" деген баа алдым. Нурмат Садыров экөөбүз тайпалашпыз", - дейт ал.
Ал эми аталган факультеттин деканы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева Ирлан Таалайбеков менен Нурмат Садыровду окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, "эң кары" студенттер деп тамашалады.