Чүйдө көп жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Чүйдө акыркы 5 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына издөөдө жүргөн адамдын жашап жаткан жери боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Кызматкерлер шектүү жаранды бүгүн, 30-майда саат 14:00 чамасында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан кармашкан. Ал 38 жаштагы Нарын облусунда төрөлгөн А.Э. аттуу жаран болгон. Ага 2013-жылы уурулук боюнча кылмыш иши ачылып, ошол убактан бери издөөдө жүргөн. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан