Сокулукта 16 жана 19 жаштагы кыз менен жигит асынган абалда табылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асылган абалда 2 адамдын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматынын билдиргенине караганда, окуя 25-майда болгон.

"Сокулук РИИБинин нөөмөттөгү кызматына 25-майда жергиликтүү тургундар тарабынан эки адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Айтылган дарек боюнча барган ыкчам топ айылдардын биринин четиндеги бакта 1 эркек жана 1 аял кишинин денелери асылып турганына күбө болушкан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн алкагында алардын бири 19 жаштагы М.Ш. аттуу жигит, экинчиси 16 жаштагы Д.А. аттуу кыз экени аныкталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Каза болгон жарандар Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургундары болушкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланып жатканы кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
asdef
2019-05-31 12:46:08
Оздорун Ромео Джулетто сезип кетишти окшойт
-2
Asyl10
2019-05-31 12:55:51
Ай Кудай аай эмне эле болуп жатат озу,эмнеге жаштар коп отуп кетип жатышат. Бир аптанын ичинде эле канча жашты ажал алды. Кечээ колдо 15 жашар оспурум чогуп кетти, Ошто каргашалуу окуя болду, 25-майда Ноокатта окуучулар автокырсыкка учурашты, Бишкекте мушташтан 9-класстын окуучусу каза болуп калды. Эми бул асынуу. Эмнеге? Эмнеге мындай каргаша болуп жатат озу.Эмнеге элди какшаткан, канкорлорду,зоокурлорду, ууру-кескини,кылмышкерди ажал албай эле жаштарды ажал тооруп жатат?
+5
aminali
2019-06-03 02:22:05
Asyl10,Май айы ошого жакпайт мага( коп байкайм коптого жылдар бою эсимде ар бир май айы)!
0
Take_men
2019-05-31 14:09:27
Суицид окшойт го...өкүнүчтүү..
+2
KaGaH
2019-05-31 14:31:10
Тоббо кылдым!
+3
Kantana
2019-05-31 22:51:11
Ромео и Джульетта болобуз дегенго
-2
Ali1510
2019-05-31 23:16:02
Кайран омур
+1
Ali1510
2019-05-31 23:16:56
Ай байкуштар, кайран омур
+2
O.dembele
2019-06-01 01:54:05
Орозодо өлсөк бейишке киребиз дегенго кайран өмүр
-2
Samatalibei
2019-06-03 18:11:38
Билип билбей кайдагы рамео джулеттаны айтпагылачы Жаш экенго эмнеге асынып алышты экен Аллах куноолорун кечир кечир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан