ИИМдин кызматкерлеринен турган уюшкан кылмыш тобу колго түштү

Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган уюшкан кылмыш тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш тобунун мүчөлөрү курал жана жасалма унаа номерлерин өткөрүү учурунда колго түштү. Алардын бири Москва РИИБинин кызматкери кенже лейтенант К.К. жана экинчиси Чүй ОИИББинин кылмыш милициясы кызматынын башчысынын орун басары подполковник Р.К. экени аныкталды. Кармоо учурунда бири ВАЗ 2107 унаасы менен качып кетүүгө аракет кылган, бирок кырсыкка кабылып колго түшкөн.

"Кармалган подполковниктин кылмыш тобунун уюштуруучусу экени аныкталды. Бул топ жеке ишкерлерге жана аткезчилерге курал менен кол салууларды пландаган. Кармалгандар СИЗОго отургузулуп, материалдар кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kyrgyz_bloger
2019-05-31 16:39:55
Бизде милиция бандиттерден айырмасы жок болуп баратат го
+2
isarti
2019-05-31 16:58:46
Kyrgyz_bloger, Бизде милиция бандиттерден айырмасы жок болуп баратат эмес, алда качан эле ошондой болуп калган.
+4
tynar92kg
2019-05-31 16:41:50
Оздору кылмышкерлео, болсо кылмыштын бетин апчай уюштуруп жургонда
+5
Sagyn.91
2019-05-31 17:03:10
Булардан жакшы Адам Жана биздин келечекти корууго болбойт!
-1
Romantik.
2019-05-31 17:44:14
Sagyn.91, сөздүн мааниси жок жазып коюпсуң. Түшүнгөн жокмун
+3
bond02
2019-05-31 18:23:58
А кой терисин жамынгандар.
0
BekAmir
2019-05-31 18:50:55
Озгондун милициясы мооноту откон товарды сен жебесен кой башкалар жей берет деп атпайбы
+7
NURSAPAR
2019-05-31 20:13:12
Ммм дааа...не дешти дагы билбейсиң. Арманымды кимге айтам. Иштен кожоң сууга акса алды алдынан тал карма.
+3
o.aza
2019-06-01 08:15:03
Абдылда Иманкулов айткан.биздин милициялар каерде эмне болушун бир ай мурун билет деп.корсо ушул экенда . Өздөрү жасап анан байкуш бирөөгө шылтап издеп атабыз деп. Эптеп делону жабат
+2
Dembele84
2019-06-01 13:14:12
Мен учун эн жакшы жанылык, блогер Бауржан магазинде просрочка боюнча тартып атканда келген сары чач милиция катындын иштен бошотулганы.Ошого окшогон магазиндерге крыша болгон менттердин барынан жогу!
+3
elchi84
2019-06-01 22:41:08
Эээ мындайлар коп
0
barakcha
2019-06-02 21:51:14
Ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан