Ошто 8-класстын окуучусун өлтүргөнгө шектелген өспүрүм СИЗОго которулат. Бул тууралуу Ош ШИИБи маалымдайт.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган.
Буга чейин 30-майда Ош шаарында 8-класстын окуучусу бычакталып каза болгон. Анын өлүмүнө андан бир жаш улуу өспүрүм шектелип кармалган.