Жалал-Абадда банкты тоноого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда тыюу салынган диний уюмдардын үгүт китепчелери жана ок атуучу курал табылган.
"Аталган кылмышка шектелип, Сузак районунун 46 жаштагы тургуну Р.Т. кармалды. Анын үйүн тинтүүдө 1 даана Blow үлгүсүндөгү тапанча 3 даана ок жана уктоочу бөлмөсүнөн тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын китепчелери табылды. Учурда шектүүнүн үстүнѳн Борбордук Азиядагы мыйзамсыз диний экстремисттик агымдар, террордук уюмдар менен байланышы болуп, кылмышка алардын кѳрсѳтмѳсү менен барган деген божомол менен да иликтѳѳ иштери жүрүп жатат.
Кармалган адам 66 жаштагы апасы менен жашай турганы такталды. Үй-бүлѳсү менен ажырашкан, азыркы күндѳ эч жерде иштебейт. 2015-жылы Ысык-Кѳл облусунда "алдамчылык" беренеси менен жоопко тартылган", - деп айтылат маалыматта.
25-майда Жалал-Абад шаарындагы "Компаньон Банкынын" филиалын белгисиз адам тоноого аракет кылганы белгилүү болгон. Бирок анын аракеттери ишке ашпай, банкка жана кызматкерлерине эч кандай зыян келген эмес.