Антонио Конте "Интер" футболдук клубунун машыктыруучусу болуп дайындалды

Антонио Конте "Интер" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий баракчасы жазды.

Маалым болгондой, Конте клуб менен 3 жылга келишим түзгөн.

Чет элдик спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, машыктыруучу жылына 12 миллион доллар маяна алат. Ал жетекчиликтен чабуулчу Мауро Икардини сатууга жана жарым коргоочу Иван Перишичти клубда сактап калууга макулдук алганы айтылууда.

Антонио Конте 2006-жылдан баштап "Ювентус" баш болгон бир нече италиялык клубдарды жана Италиянын улуттук курамасын машыктырып келген. 2016-жылдан 2018-жылга чейин англиялык "Челси" клубун жетектеген. Ал 3 жолу Италиянын жана 1 жолу Англиянын чемпиондугун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2019-06-01 19:05:48
Спалеттини алып келип эч толк чыкпаганынан кийин аны айдап Контени коюшуптур да,командага жаны оюнчуларды алып келбесе,Ювентус менен Наполиге тен келиш кыйын
+2
Neizvestno777
2019-06-02 22:35:03
Dembele84,Контенин тактикасына андай озгочо футболист керек деле эмес, трансфери жок деле коп ийгилике жетет бул тренер
+1
maks.kgz
2019-06-01 21:13:15
Ишине ийгилик,жетишкендик каалайм жакшы тренер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан