Жалал-Абадда 2 милиция кызматкери 10 жылдык мааракесин белгилеп жаткан бүтүрүүчүлөр менен мушташып, ооруканага түштү

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 2 милиция кызматкери 10 жылдык мааракесин белгилеп жаткан бүтүрүүчүлөр менен мушташып, ооруканага түштү. Маалыматты SUPER.KG`ге облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуя 26-майда болгон. 10 жылдык бүтүрүүчүлөр менен 2 милиция кызматкеринин ортосунда пикир келишпестиктер орун алып, мушташка айланган. Жыйынтыгында бир кызматкердин мурду сынып, экинчисинин баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.

"Милиция кызматкерлери жарандык формада болушкан жана бүтүрүүчүлөр алардын кызматын билишкен эмес. Учурда кызматкерлердин абалы жакшы. Бири ооруканадан чыккан, экинчиси дарылануусун улантып жатат", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jelezo
2019-06-01 17:10:41
Шылтоо менен байып алат экенсиңер.
+7
Altyn10076
2019-06-01 17:54:05
Пулду көөбүрөк сурагыла формаңарга тактап..
+7
bond02
2019-06-01 20:39:12
Формам жанымда болчу деп калп айтпаса болду эми же фуражкачан жургом деп.
+1
Defend.
2019-06-01 23:26:50
Эми милициялар "популярный" болуп баштады го, эки күндөн бери
+1
Ruslan-bel-oruk
2019-06-01 23:29:29
Жакшы кылыпсынар
+1
Kymbatym
2019-06-02 05:44:13
Ырас эле болуптурда өзү милициялар жаман кутуруштуу асманга эле чыгып кетиштат ушинтип бутунан тартып туруш керек болбосо булар элге күн көрсөтпөйт.
+6
titanik32
2019-06-02 08:21:21
Мен деле милицияны жарандык кийим кийип жүргөндө токмоктой берсем болобу?Өзгөндө бирөө жинге тийип жүрөт көптөн бери.)
+4
amirrus
2019-06-02 10:28:05
titanik32,болот бирок акчаны даярдап анан Ур да
+2
semo
2019-06-02 14:10:11
жакшы болуптур
+1
Pamirlan
2019-06-02 23:54:49
Жакшы болуптур, иттерди ырас кылышыптыр
+1
babi92
2019-06-03 02:52:57
Милиция кызматкерлери ушунчалык денгээлде жек корууго жеткиришиптир тообо,алар таяк жесе дагы ичи ачышкан адам жок го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан