Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл аймагында 7 бука уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Дөөчар айылынын 3 тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Арызда 29-майга караган түнү үлүш жерине байланып турган малы белгисиз адам тарабынан уурдалгандыгы жазылган. Анда жалпысынан айыл тургундарынын 7 баш букасы жоголгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кадамжай РИИБи тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 30-май күнү Өзгөн шаарындагы мал базардан жогорудагы аталган айылдын 47 жаштагы Т.М. аттуу тургуну шектүү катары кармалган. Ал кылмышты жасаганын толугу менен моюнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн берген. Кармалган шектүү уурдалган малдын төртөөнү сатып, үчөөнү сатканга үлгүргөн эмес. Азыркы күндө сатылбай калган 3 баш бука өз ээлерине кайтарылып берилди. Ал эми сатылып кеткен мал боюнча учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.