Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган адамдарды жоопко тартуу иштери уланууда.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "коррупция" беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде Манасбек Арабаевдин жогоруда айтылган кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды.
2-июнда Арабаев кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февралынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.
Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.