Орусиянын Биринчи каналында "Лучше всех" долбооруна катышкан кичинекей бийчи Нурпери аталган телеканалдын "Видели видео?" көрсөтүүсүнө барды

Орусиянын Биринчи каналында "Лучше всех" долбооруна катышкан кичинекей бийчи Нурпери Тургуналиева эсиңиздеби? Бул ирет Нурпери, апасы, бир тууганы Айпери менен бирге Биринчи каналдын "Видели видео?" долбооруна катышкан көрсөтүүсү аталган телеканалдан көрсөтүлдү.

Кичинекей бийчинин апасы Наргиза Сулайманова "Видели видео?" көрсөтүүсүнө Биринчи каналдын чакыруусу менен катышканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Бул берүүгө бир жарым ай мурда көрсөтүүнүн өкүлдөрүнүн атайын чакыруусу менен барып тартылып келгенбиз. Бардык чыгымды Биринчи каналдын жамааты төлөп беришти" деди Сулайманова.

Таланттуу кызга эч ким бийди үйрөткөн эмес. Советтик жана орусиялык хореограф, эл аралык "Тодес" шоу-балетинин негиздөөчүсү Алла Духова Нурпериге бийди улантуусун айтып, кичинекей бийчиде өзгөчө талант бар экенин белгилеген.

"Бул Кудайдан берилген талант. Кээ бир балдарды бийге канча үйрөтсөң деле жыйынтык чыкпайт. Эгер ал бийди улантууну кааласа сөзсүз улантышы керек".

Александр Смол алып баруучулук кылган "Видели видео?" көрсөтүүсү интернет айдыңында тез тараган видеолор жөнүндөгү берүү. Миллиондон ашуун көрүүчү топтогон видеолордун каармандары бул көрсөтүүгө чакырылат.

Нурпери "Видели видео?" берүүсүнө барып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2019-06-03 22:07:18
баракелде азаматтсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан