Баткен шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

Баткен шаарында бүгүн, 3-июнда саат 18:30дар чамасындагы башталган катуу жаандын кесепетинен сел жүрдү. Мындай маалыматты Баткен шаарынын тургундары SUPER.KG'ге билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаарды аралап өткөн сайдагы суу көп жааган жаандын кесепетинен деңгээли көтөрүлүп, көчөлөргө ашып, тургундардын короолоруна чейин кирип кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырсык боюнча маалымат тарата элек. Ал эми селдин кесепетинен жабыркагандардын бар же жок экенин белгисиз.

Баткен шаарында сел жүрдү

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан