Америкалык музыкант Жей Зи дүйнөдөгү алгачкы миллиардер рэпер деп табылды

Көпчүлүккө Жей Зи каймана аты менен таанылган америкалык музыкант Шон Кори Картер дүйнөдөгү алгачкы миллиардер рэпер деп табылды. Дүйнөлүк маалымат булактары Жей Зинин байлыгын Forbes журналы эсептегенин жазып чыгышты.

Кызыгы хип-хоп аткаруучу Жей Зинин эң негизги киреше булагы концерттеги гонорары эмес экен. Рэпердин киреше булагы болуп анын белгилүү компаниялардагы активдери айтылган.

Жей Зинин "Armand de Brignac" деген шампан брендинде 310 миллион доллар үлүшү бар. 220 миллион доллар каражат "Uber" жана башка бир нече компаниялардан түшүп турат. Рэпер ал компанияларга инвестиция кылган. Ошондой эле "D'Ussé" коньяк брендинде Жей Зинин 100 миллион долларлык үлүшү бар. Ошондой эле Tidal музыкалык тиркемесинен 100 миллион долларга жакын киреше табат.

Жей Зинин киреше булактарынын бири "Roc Nation" компаниясы 75 миллион долларга бааланган. Ал эми картиналар жана айкелдерден турган коллекциясы 70 миллион доллар, кыймылсыз мүлкү 50 миллион долларды түзөрү жазылган маалыматта.

Жей Зи - "Грэмми" сыйлыгынын бир нече жолку ээси, АКШдагы таасирдүү музыканттардын бири. Анын 14 альбому дүйнөлүк чарттардын сап башынан орун алган. Муну менен ал "The Beatles" тобунан кийинки эле рекордду койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан