Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-июнда облустук милициядан билдиришти.
Буга чейин маркумдун күйөөсү, кайненеси, кийин кошуналары да суракка алынган. Ошондой эле жаш келинди өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы далилденсе, күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп айтылган.
"Маркумдун ата-энеси күйөө баласы тарапка доосу жок экенин айтып, арыз жазып беришкен. Мындан улам иш кыскартылып, өндүрүштөн алынды", - деп билдиришти милициядан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Келиндин жансыз денеси 2018-жылы 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга атасы билдирген. Жансыз денеси каналдан табылган 21 жаштагы келин менен күйөөсү бир тууган ага-ининин балдары болгону айтылган. Ал күйөөсү экөө акыркы 5 жылдан бери бирге жашап, эки балалуу болушкан.