Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.
Алдын ала маалымат боюнча Манас Арабаевдин бүгүн баш коргоо чарасы каралат.
Манасбек Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. УКМКнын билдиргенине караганда, ал чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.
Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.
Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.