"Дөө Чыңгыз" дагы 2 айга камакта калды

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун иши каралды. Ал Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелүүдө.

Ал сот залына атайын кызматтагы жоокерлердин коштоосунда алып келинип, соттук отурум бир жарым сааттан ашык убакыт болду. Жыйынтыгында Жумагуловдун баш коргоо чарасы 2 айга узартылып, ал 10-августка чейин камакта кала турган болду.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилген. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн эшигинин алдына белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Алар кийин каза болушкан.

Бул кылмышка шектелип Чүй облусунун 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу жарандары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалымат боюнча алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан. Ошондой эле бул окуя боюнча 11-апрелде криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чыңгыз Жумагулов Бишкек шаарынан кармалган.

"Дөө Чынгыз" 2 айга камакта калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
duishonbek03
2019-06-04 20:10:59
Дагы чыгарып ийсеңер таң калбайбыз деле
+6
Kyrgyz_bloger
2019-06-04 21:20:06
Криминал вор закон,деген жаман адаттар бизге орустардан жукту да,пос советский олколордон башка эч бир олкодо вор закон жок,бир миллиардан ашык эли бар кытайда вор закон криминал дегенди укпапмын,6 миллион кыргызга эмне бар,биз жаман адаттарды тез кабыл алабыз кутулушубуз кыйын да,эгемендуу болгонубузга 30 ж болду,бирок мындай жаман нерселер азайчуудай туру жок.
+12
Skarlett-Skarlett
2019-06-05 10:57:59
Айдаганыбыз беш эчки,ышкырыгыбыз таш жарат болуп,деги эле баардык жаман нерселерден алдынкы катардабыз кыргыз элим.Проституция,коррупция,криминал,кедейлик деги койчу,баары,баары(((((
+2
J1irg
2019-06-05 11:27:50
Доо болбой кара жерге кирсин. Доо жонундо ар кимиси ар кайсы миф, легендарларды угуп алышып, шымына чычып журушот.
+2
Kyrgyz-aiym
2019-06-06 11:36:52
Ары жака бери жака алып барып атып качырып тынганы калышты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан