"Эстей берем" чыгармасын аткарып чыгууну Жумамүдүн Шералиевдин кызы сунуштаган" дейт "Супер хитке" видеоклиби кошулган Кайрат Примбердиев

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" чыгармасы кошулду.

"Кыргыз Эл артисти Жумамүдүн Шералиевдин "Эстей берем" чыгармасы эл тарабынан бурмаланып, "Жакшы эле көрөм" деген аталыш менен жайылган. Мен ошол вариантын ырдап чыккам. Кийин Жумамүдүн Шералиев агабыздын кызы Нарынгүл Шералиева ырдын оригиналын аткарып чыкпайсыңбы деп айтып калды. Ошентип "Эстей берем" деген ырды жаздырып, клип тарттырдым. Клиптеги каармандар кыймылсыз абалда болгонун тартууга 2-3 саат убакыт кетти. Клипке Максат Токтоналиевдин бий тобунун бийчилери тартылып, баарын ойдогудай аткарышты", - дейт ал.

29-МАЙДАН 5-ИЮНГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орун - Гүлзат Мамытбектин "I can fly" чыгармасына буюрду.

8-орунда - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клиби жайгашты.

7-орунду - Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" аталышындагы клиби камсыздады.

6-орунда - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеоклиби жайгашты.

5-орунду - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" видеокомпозициясы камсыздады.

4-орунда - Фарида Карбосованын "Ашыгам" аттуу чыгармасы жайгашты.

3-орун - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" чыгармасы ээледи.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Роза Шакированын "Сени менен" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан