Ош шаарында 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды

Ош шаарында мушташ учурунда мас абалдагы 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя таңкы саат 4:10 чамасында Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуяга чейин мушташка катышкан 8 кыз туулган күн белгилеп отурган, кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал жерде мушташ болгон.

"1999-жылы туулган кыз бычак жана бөтөлкө көтөрүп чыгып, өз ара мушташып, жалгыз кызды ур-токмокко алышкан. Натыйжада бычак көтөрүп чыккан кыз баш аламан бычак шилтеп, үч кыздын денесине жаракат келтирген. Бирөө санынан, экинчиси балтырынан, үчүнчүсү көкүрөк тушунан жаракат алган. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык катары катталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.



Ош шаарында 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
elchi84
2019-06-05 13:43:16
Жон эле журушпойбу ..... мне жетпеди экен буларга.
0
JanJurok
2019-06-05 13:47:09
Орозо бүтүп бүтө электеби э?Ичимдик ичип...Эх!(((
+4
Kairat1996
2019-06-05 13:59:24
JanJurok,
Орозо деп эле оозду ачып отура бериш керек бекен. Жэ эмне орозодо сени асмандан бироо келип куткармак беле. Учоолоп сабап жатса эмне кылсын. Туура эле бычак алып кылыптыр.
-14
salimbek87.kg
2019-06-05 15:09:54
Kairat1996,Анда сени кырсык болгондо Ким куткарат албетте Кудай куткарат . сен тенирчи эмессинби
-2
Skarlett-Skarlett
2019-06-05 13:54:25
Шумдуктуулар!Тфу,жийиркеничтуу!!!
+1
Jelezo
2019-06-05 14:02:28
Кыздарды көзөмөлгө ала албаган ата энелер биз күнөөлүбүз, жаш кезде эркек башым менен кечинде көчөгө чыгуу мен үчүн эң оор нерсе эле,кыздарды кантип ишенип көчөгө чыгууга уруксат бересиңер.
+5
salimbek87.kg
2019-06-05 15:08:33
Ушундай улуу кундо ичип жургон адамдарга наалат айткын келет тообо кылдым
+2
Dembele84
2019-06-05 15:17:05
Балдардын кылыктары шерменде эле болот го булардын жанында
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан