Бишкектеги Айт намазга 50 миңден ашык адам келди. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, коомдук тартипти 2 миңден ашык милиция кызматкерлери сактады.
"Бүгүн, 5-июнда Орозо айт намазын окуу үчүн эски аянтка 50 миңден ашык адам келди. Коомдук тартипти сактоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылды.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Айт намазга келген адамдарды текшерүү учурунда учтуу нерселерди жана травматикалык тапанчаларды алып кирүүгө аракет кылган адамдар кармалды. Алар Н.М. жана А.Д. аттуу жарандар экени аныкталып, андан ары териштирүү үчүн Биринчи Май аймактык ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Айт намазы учурунда мындан сырткары тартип бузуулар катталган жок", - деп айтылат маалыматта.