Рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова 3-июнда кыздуу болуп, ага Наринэ деп ысым ыйгарганы жалпыбызга маалым. Бүгүн, 5-июнда рэп ырчысы жакындары жана достору менен биргеликте жубайы менен кызын төрөт үйүнөн чыгарды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Төрөт үйүнөн чыгаруу. Наринэ Баястановна. Рахмат, алтын досторума", - деп жазды ал сүрөттүн алдына.
Рэп аткаруучу 2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 27-августта Балыкчы шаарында өткөн.