Милиция: "Ошто бычакталган 3 кыз алгач өздөрү мушташты башташкан"

Ош шаарында бычакталган 3 кыз өздөрү 20 жаштагы кызды ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Башында 8 кыз кафеде эс алып отурушкан. Алардын бири телефон аркылуу башка бир кыз менен урушуп кеткен. Андан соң алардын бардыгы ошол кыздын үйүнө такси менен барып жаңжал чыгарып, ур-токмокко алышкан. Мушташтын жүрүшүндө ал кыз 3 кызды бычактаган.

Бычакталган 3 кыздын экөөсүнө операция жасалды, бирөөнө медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда мушташка катышкан кыздардын баары суракка алынууда", - дешти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 5-июнда саат 4:10 чамасында Оштогу Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуяга чейин мушташка катышкан 8 кыз туулган күн белгилеп отурган, кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал жерде мушташ болгон. Натыйжада 3 кыз бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliya-leyla
2019-06-06 18:35:26
Тооба тооба(( ынсап берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан