Ошто 3 кызды бычактады делген 20 жаштагы кыз 48 саатка убактылуу кармоочу жайга отургузулду

Ош шаарында уруш учурунда 3 кызды бычактоого шектелген 20 жаштагы кыз 48 саатка убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бычакталган эки кызга бүгүн операция жасалып, үчүнчүсүнө медициналык жардам көрсөтүлгөн.

"Уруш учурунда 3 кызды бычактаган 1999-жылы туулган К.Ж. аттуу кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан сырткары мушташка катышкан кыздардын баары суракка алынды. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 5-июнда саат 4:10 чамасында Оштогу Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуяга чейин мушташка катышкан 8 кыз туулган күн белгилеп отурушкан. Кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал жерде мушташ болгон. Натыйжада 3 кыз бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ош шаарында 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursiyanur
2019-06-05 22:31:21
Кыз болбой калгыр акмак
0
Gulnyr19
2019-06-06 01:41:53
Уят эле кыргыздын болочок энелери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан