Борбор калаадагы 5-кичи райондо көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 9:40та чыгып, 10:25те өчүрүлгөн. Такталган маалымат боюнча 5-кичи районунда жайгашкан №9 көп кабаттуу үйдүн №54 батиринен чыккан өрт кийим кургатуучу жайынан чыккан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт чыккан батирде боорсок бышырышкан. Куткаруучулар 15 адамды үйдөн эвакуациялашкан. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.