Роналдунун хет-триги Португалияны Улуттар Лигасынын финалына алып чыкты

6-июнга караган түнү Улуттар Лигасынын жарым финалында Португалия жана Швейцария курама командалары беттешти.

Беттеш Порту шаарындагы "Драгау" стадионунда өттү. 25-мүнөттө Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду эсепти ачты. 57-мүнөттө Рикарду Родригес пенальтини таамай аткарып, эсеп санын теңеди. Беттештин аягында 88 жана 90-мүнөттөрдө Роналду дагы эки гол жаратып, өз командасын алдыга алып чыкты. Жыйынтыгында беттеш 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Жарым финалдык беттештин 2-жубу Англия-Нидерланды беттеши 7-июнга караган түнү орун алат. Жеңүүчү команда Португалия менен финалда беттешсе, жеңилген команда 3-орун үчүн Швейцария менен беттешет.

Финалдык беттеш 10-июнда орун алат.

Португалия-Швейцария 3:1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Alinur
2019-06-06 09:14:18
Голдору кооз голдордон болуптур
+7
Kristianuronaldu
2019-06-06 09:47:06
Егер роналдо финалда гол киргизип жана утса анда алтын топко 2019 дагы бир кадам жакындайт
+7
duishonbek03
2019-06-06 10:11:24
Kristianuronaldu,Ооба, бирок кубок нации көп бааланбайт да
-3
Bale1111
2019-06-06 10:13:10
Роналду жакшы голдорду киргизиптир Азамат финалда да гол күтөбүз
+5
Kantana
2019-06-06 11:15:28
Улуттар деген чемпионат бар беле же жаны тузулгонбу
-2
zhaku2017
2019-06-06 11:19:52
Ранолду молодец.
+4
Alixan-Nookat.2015
2019-06-06 12:48:01
Испания чемпионаты кызыксыз болуп кетти Роналдо кеткенден кийин
+1
AsiaBoy
2019-06-06 13:28:28
Alixan-Nookat.2015,чемпионат кызыктуу эмес болбой калбай эле Реал кызыксыз болуп кетти
+1
argen1991
2019-06-06 13:58:25
Мыктылыгын корсотту
+2
nemo2016
2019-06-07 03:42:13
Эми Голландия мн ойнойт ото кызык болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан