Ысык-Көлдө бир туугандар ойноп жатып муздаткычтын ичинде камалып калып, тумчугуп каза болуп калышкан

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 6 жана 4 жаштагы бир тууган ага-ини ойноп жатып эски муздаткычтын ичинде камалып калып, тумчугуп каза болуп калышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июнь күнү Түп районунун Михайловка айылында болгон.

"Саат 11:55 чамасында эки бир тууган үйдүн короосунда ойноп жатып дайынсыз жоголуп кетишкен. Мындан улам балдардын ата-энеси милицияга кайрылышкан. Балдарды издөө иштери кечке чейин болуп, бирок алар табылган эмес. Саат 17:00дө үйдүн короосунда турган эски муздаткычты ачып көрүшкөндө балдар муздаткычтын ичинде болгон. Алар ойноп жатып муздаткычтын ичине камалып калып, тумчугуп калышкан. Ал муздаткыч сырттан гана ачыла турганы аныкталган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ысык-Көл ОИИБи социалдык тармакта бул окуя боюнча тарап кеткен видеону ким таратканын аныктап жатышат.

Муздаткычка кирип ойноп жаткан 2 бала дем жетпей каза болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhykyo
2019-06-06 13:28:56
Блиин ото жаман болуптур элестетип жатам ичинде думчугуп жатышкандарын аба жетпей. Ыйманы Саламат болсун жаткан жери жайлуу топурагы торко болуп бейишке чыгышсын
+5
oroskulov1988
2019-06-06 13:31:56
Окунучтуу ыйманы саламат болсун
+2
stal.ks
2019-06-06 15:00:34
ошентипда койобу муздаткычды, ото окунучтуу, эшиги сыртынан ачылат дейт, неге ошентип койгон?
+4
engel
2019-06-06 18:45:29
stal.ks, советский кээ бир холодильниктер ошондой болчу дейт апамдар азыр го магнит жакшы
+3
admin_portal
2019-06-06 15:28:43
FC-Abdish-ata, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертилген, БАН!
0
Aktilek.kg.98
2019-06-06 17:12:38
Эх кандай окунучтуу баарыбыз сак болушубуз керек.Кырсык каш кабактын ортосунда,жаткан жери жайлуу болсун.Ата энелерине сабр!
+3
Skarlett-Skarlett
2019-06-06 19:16:03
Ананайын периштелер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан