Балыкчыда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын иши сотко өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш учурда Балыкчы шаардык сотунда каралып жатат. Ал эми шектүүгө "жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоо" беренеси менен айыбы угузулган. Бирок шектүү күнөөнү моюнга алган эмес деп билдирет милициядан.

Буга чейин Балыкчы шаарында 30 жаштагы жаран 2006-жылы туулган кызды "үйгө жаңы кийимдерди алып келдим, кирип көр" деп алдап алып кирип, жыныстык катнашка барган. Зордуктоо фактысы март айынын аяк ченинде орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан