Кымбат баалуу унаалар, батир, алдангандардын арасында аткаминерлер да бар. Бишкекте адамдарды 500 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Борбор калаада адамдарды 500 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип кармалган 39 жаштагы Раимжан.З. аттуу жарандан жабыркагандардын саны ондоп саналат.

"Январь айында милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал өзүн Раимжан деп тааныштырган чала таанышы 2018-жылдын июль айында баасы 37 миң долларды түзгөн BMW Х-6 үлгүсүндөгү унаасын алып, изин жашырып кеткенин жазган.

Ошондой эле кармалган жаран дагы бир шаар тургунуна таандык Lexus унаасын оңдоп берүү шылтоосу менен алып, дайынсыз жоголгон. Келтирилген чыгымдын суммасы 45 миң долларды түзгөн. 2019-жылы январь айында кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү Раимжан.З.га издөө жарыяланган.

Кылмышка шектелип кармалган Раимжан.З. буга чейин да соттолгон, ал ушул сыяктуу 30дан ашуун кылмышка катыштыгы бар болушу мүмкүн. Унаалардан сырткары ал башка адамга таандык батирди да тартып алганга шектелүүдө. Ал өзүн Рома деп тааныштырып, андан айрым аткаминерлер да жабыркаган.

Эгер сүрөттөгү адамдан жабыркаган болсоңуздар төмөнкү номурларга байланышыңыздар: 0 (312) 26-62-21, 0 (702) 85-00-23, 0 (555) 69-66-63", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
OMURBEK.
2019-06-07 14:08:20
Оптовой кидалшик экенда
+2
salimbek87.kg
2019-06-07 14:17:10
Раим миллион болгусу келген окшойт Рома
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан