Бүгүн, 7-июнда Бишкекте №258 маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчүгө кол көтөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жүргүнчү өзү билдирди.
Анын айтымында, окуя саат 14:00 чамасында катталган. "Заря айылынын жанынан коомдук транспортко түшсөм, чөнтөгүмдө акыркы 1000 сом калган экен. Айла жок ошону берсем, "майда акча жокпу?" деп сурады. "Жок" десем, анда "Майдалап туруп чыгасың, түш!" деди. "Түшпөйм" десем, ал унаасын токтотуп, колумду кайрып туруп түшүрүп салды. Унааны токтотуп мен жакка келе жатканда, телефонумду алып чыгып тартканга жетишип калдым. Ага чейинки мага жасаган аракеттери видеого тартылбай калды", - деди жүргүнчү.