Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Жаныбек Исаков жана Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.