"Ош базарындагы" авиакассадан алданган адамдар "шектүүлөр жашайт" деген үйдү кайтарышууда

"Ош базарынын" жанында Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан авиакассадан "80ден ашык адамга жараксыз билет саткан" деп шектелген жарандар кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучулардын бири Бермет Раимбекова билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3 күндөн бери алданып калгандар "шектүү жарандар жашайт" делген үйлөрдү кезек менен кайтарып жатышат.

"Созулуп жатканынан улам үйлөрүн кайтарып, балким, өзүбүз жолугуп каларбыз деген үмүт менен жүрөбүз. Милиция кызматкерлери деле издеп жатабыз дешүүдө. Азырынча маалыматтар ушулар", - деди Раимбекова.

Буга чейин аталган базардагы авиакассадан билет сатып алып, алданып калдык деп SUPER.KG порталына 7 жабырлануучу кайрылган. Алардын айтымында, алдангандардын саны 80ден ашуун. Бул иш боюнча шектүү жарандарга Ленин РИИБинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган.

"Авиабилет алабыз деп 80дей адам алдандык" дейт жабырлануучулар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ruslan-bel-oruk
2019-06-07 19:39:16
Супер силер алар уйуну кайтарып жатканын жарыя кылбагыла да
0
bond0202
2019-06-07 23:23:18
Ruslan-bel-oruk,эмне жанылык болгонун айтып тургула десе керек да
+1
elchi84
2019-06-07 19:43:41
Айтып койдунар эми чыкпайт эшикке.
0
asdef
2019-06-07 22:25:04
80 адамды алдаса ар биринен 15-20 мин сом алдаса 1 - 2 млн сомду чачып Дубайда журущот да уйуно жакын арада келбейт ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан