Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловдун бир нече адам менен өзгөчө жасалгаланган стол үстүндө отурган сүрөтү интернетке жарыяланды.
Бул сүрөт Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагында тартылганы айтылууда.
Сүрөт качан жана кайсыл жерде тартылганы жөнүндө азырынча расмий маалымат жок.
Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. 4-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, ал 10-августка чейин камакта калтырылган.