7-июнда саат 17:20 чамасында Бишкектин Калык Акиев-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар Лексус-450 унаасын тартып алуу аракетин жасаганы боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Арыз жазган жарандын айтымында, үч белгисиз адам андан Лексусту кайдан алганын сурап, ачкычын алууга аракеттенишкен. Жаран качып автоломбардга кирип, милицияны чакырган. Суракка алынган адам аталган унаа боюнча УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатканын айтып, унаа Октябрь райондук сотунда талаш буюм болуп жатканын билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.